Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана анын жубайы Брижит Макрон америкалык блогер Кэндис Оуэнске каршы сотко доо арыз беришти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.
Маалым болгондой, 218 барактан турган арыз АКШнын Делавэр штатындагы сотко тапшырылган. Анда блогер Оуэнс атайылап жубайлардын ар-намысына шек келтирген, жалган жана акылга сыйбаган маалыматтарды коомчулукка таратып жатканы белгиленген.
Айрыкча, Кэндис Оуэнс социалдык тармактардагы миллиондогон катталуучуларына Франциянын биринчи айымы "башында эркек болгон" деген ушактарды бир нече жолу айткан. Ал тургай "Брижитке айлануу" деген видеолорду да жарыялап, маскарлоо өнөктүгүн жүргүзгөн.
Жубайлар бул аракеттерди жалган маалымат таратуу жана кадыр-баркка доо кетирүү катары баалап, укуктук тартипте жоопкерчиликке тартууну талап кылышууда.