Орусиянын Ленинград облусунун Мурино шаарында 32 жаштагы киши бир жаштагы кызын дүкөндүн кире беришине таштап, азык-түлүк сатып алып, андан кийин чыгып кетип калган. Бул тууралуу 78.ru өздүк булагына таянып жазды.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ Лаврикидеги шосседеги дүкөндө болгон. Коляскадагы кызды жолдон өтүп бара жаткан жарандар таап алышкан. Алар "Тез жардам" чакырып, наристе ооруканага жаткырылган.
Кечинде полицияга 35 жаштагы аял кызынын дайынсыз жоголгондугун билдирген. Наристенин атасы кармалды.
Ымыркайды таштап кеткен жаранга кылмыш иши козголгон.