Эртең, 25-июлда Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Ош облусунун тоолуу аймактарында жаан-чачын жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы маалымдады.
Өлкөнүн башка аймактарында күн ачык болот. Бишкекте абанын табы түнкүсүн +20... +22, күндүз +36... +38 градус ысык болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +18.. +23, күндүз +34 ... +39;
Талас жергесинде түнкүсүн +13.. +19, күндүз +30... +35;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +21... +26, күндүз +34... +39;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +14... +19, күндүз +27 ... +32
Нарында түнкүсүн +11... +16, күндүз +27... +32.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-9 метрге жетет.