Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси болуп Мирлан Молдобасаров дайындалды. Бул тууралуу борбор калаа башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, ал буга чейин капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматын аркалап келген. Ал эми Молдобасаровдун ордуна Ажыбек Турумбеков бекиди.
Ошондой эле Эрмек Арымбаев жана Билимбек Досалиев капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басарлары болушту. Тиешелүү буйруктарга шаар мэри Айбек Жунушалиев кол койду.
Айта кетсек, кечээ, 23-июлда калаа бийлиги капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Болот Чолпонбаев жана анын орун басарлары Болот Апилов, Адилет Турдуев кызматтарынан бошотулушкандарын кабарлаган.