Таиланддын Саламаттыкты сактоо министрлиги Камбоджа менен болгон чек арадагы атышуулардан 11 жайкын тургун набыт болгонун билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Айта кетсек, бейшембиге караган түнү эки өлкөнүн чек арасында уруш чыкканы кабарланган. Таиланддын тышкы иштер министрлиги Камбоджа Таиланддын согуштук базасын артиллерия менен аткылаганын, ошондой эле ооруканага сокку урганын маалымдады. Таиланддын премьер-министри Пхэтхонгтхан Чинават өлкө Камбоджанын бул аракеттерине жооп болорун айтты.
Жаңжалдын башталышына эки өлкө бири-бирин айыпташууда.
Азиялык басылмалар Таиланддын Аскердик аба күчтөрүнө таандык F-16 согуштук учагы бейшемби күнү Камбоджадагы аскердик буталарды жок кылганын кабарлашты.