Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Түштүк Кореядан тик учактар кандай шартта сатып алынарын айтты.
Айтымында, министрлик Кореядан эки заманбап тик учак сатып алууну көздөп, ал боюнча тийиштүү сүйлөшүүлөр аяктап калды.
"Учурда Кыргызстанга Түштүк Кореянын банкынын расмий делегациясы келип, тик учактарды сатып алуу боюнча келишимдин деталдары менен Техникалык-экономикалык негиздеменин тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Бул көп этаптуу сүйлөшүүлөрдүн соңку баскычы.
Аталган тик учактар Korea Aerospace Industries (KAI) заводунда даярдалып жатат. Катаал жана тоолуу шарттарда иштөөгө ылайыкталып, жылдын төрт мезгилинде колдонууга мүмкүн болгон тик учактар авиация жарандык коргонуу, издөө-куткаруу, гуманитардык, медициналык жана көптөгөн пайдалуу максаттарда колдонулат",- деди министр.
Ошондой эле министр эки учактын баасы 71 миллион доллардын тегерегинде турарын белгиледи.
"Мында эң маанилүүсү каржылоо шарттары. Түштүк Корея тарапка өтө төмөн пайыздык чен менен, узак мөөнөттүү, жеңилдетилген шарттарда каржылоосун сунуштап, макулдугун алып жатабыз. Башкача айтканда, пайыз дээрлик нөлгө жакын (0,1), ал эми төлөө убактысы 40 жылга созулуп, анын ичинде 10 жылдык жеңилдик мөөнөтү каралган.
Мындай шарттар дүйнөлүк практикада сейрек кездешет. Көпчүлүк өлкөлөр бул деңгээлдеги техниканы жеңилдетилген тартипте сатып ала албайт",- дейт ал.