Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы Газиабад шаарында жасалма элчилик уюштурган шылуун кармалды. Ал өзүн "башкы элчи" катары тааныштырып, көптөгөн адамдарды алдап келген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, Харш Вардан Жайн аттуу киши ижарага алынган үйдү ойдон чыгарылган мамлекеттер (West Arctica, Saborga, Poulvia жана Lodonia) үчүн элчилик катары колдонуп келген. Ал жасалма дипломатиялык номерлерди, документтерди жана паспортторду даярдап, өзүн эл аралык деңгээлдеги дипломат катары көрсөтүп, элди ишендирген.
Текшерүү учурунда:
Мындан тышкары, Жайн фотошоп менен жасалган сүрөттөрдү колдонуп, өзүн Индиянын жана дүйнөлүк лидерлер менен байланышы бардай көрсөтүүгө аракет кылган.
Тергөөчүлөр Жайн чет өлкөлүк жумуш сунушу жана бизнес байланышы аркылуу элди алдап, акчаны мыйзамсыз которуу схемасын колдонгон болушу мүмкүн деп эсептешүүдө.
Учурда бул иш боюнча кошумча иликтөө башталып, башка шектүүлөр да изделүүдө.