Кипрдин Лимассол шаарына жакын жердеги токой өрттөнүп, тилсиз жоо үйлөрдү, коргоо-жайларды каптай баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымат каражаттары билдиргендей, бул өрттүн кесепетинен 2 адам каза болуп, кеминде 23 адам жабыркаган.
Мындан тышкары, ондогон үйлөр өрттөнүп, 12 калктуу конуш эвакуацияланды, Лимассолдун бир нече аймактарында электр жарыгы жок болуп, шаарды түтүн каптады.