Эми пляждарда туристтерден ижара акы талап кылгандар жазаланышат 

Эми Ысык-Көлдөгү пляждарда жээкти ээлеп, туристтерден мажбурлап ижара акы талап кылган жарандарга чара көрүлөт. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Ал Чолпон-Ата жана Бостериде туризм менен алектенген жергиликтүү тургундарга кайрылды.
"Сезон кызуу жүрүп жаткан учурда туристтерден “эптеп эле акчасын алып калалы” деген көз караштан алыс болсоңуздар.
Буга чейин президенттин тапшырмасы менен көл жээгиндеги тосмолор алынып, элге ачык эс алуу шарттары түзүлгөн. Бирок тилекке каршы, айрым пляждарда жээкти ээлеп, кол чатыр коюп алып, туристтерди мажбурлап ижара акы төлөтүп жаткан уятсыздар пайда болууда. Кол чатырдын кызматын каалабагандарга тоскоолдук жаратып, орой мамиле кылгандар да бар экен.
Мындай көрүнүштөр Ысык-Көлдүн аброюна шек келтирип, туристтерди иренжитет. Жергиликтүү бийлик мындай аракеттерге эскертүү берди, эми мындан ары чара көрүлөрүн эскертебиз.
Туристтерден акча табабыз десек – сый, тазалык жана меймандостук менен табалы! Келген конокторду жылуу узатып, кийинки жылы кайра келишине шарт түзөлү",- деп жазды ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан