
Өзгөн шаарында үч эм төрөлдү. Бул тууралуу кечээ, 24-июлда шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Анда белгиленгендей, 14-июлда Өзгөн шаарынын тургуну Акматжан кызы Азодахан үч уулду жарыкка алып келип, аларга Мухаммад, Абубакир жана Умар деген ысым ыйгарылды.
Бул кубанычтуу окуяга байланыштуу шаардык мэриянын кызматкерлери эне жана наристелерге барып, расмий куттуктоосун билдирди.
Колдоо катары акчалай сыйлык берилип, үй-бүлөгө бекем ден соолук, ынтымак жана бакубат жашоо каалашты.