Оштун мэринин челленджи эми Жалал-Абадга өттү

Бүгүн, 25-июлда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков таң эрте тиешелүү жетекчилер менен Токтогул, Байзаков атындагы эс алуу бактарын, "Эркиндик" аянтын кыдырып, жетекчилерге парктарды, борбордук аянтты иретке келтирүү боюнча жеринде тапшырмаларды берди. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Андан соң Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын ишмердүүлүгүн текшерип, шаардын көрктөндүрүү иши жакшы жүрбөй жатканын айтып, жаңы дайындалган жетекчиге бул багытта күнү-түнү, жаңы идеялар менен иштөө талабын койду.
Ошондой эле, мэриянын бир катар коммуналдык мекемелерин жаңы жайга жылдыруу, унаалар үчүн айып короо уюштуруу сыяктуу маселерди жеринде талкуулап, бул багытта иш алып баруу боюнча тапшырмалар берилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан