Камбоджада Таиланддын чабуулунан каза болгондордун саны айтылды

Таиланд армиясынын чек арадагы Поусат провинциясына жасаган чабуулунан кеминде 13 камбоджалык өлүп, 70тен ашууну жарадар болду. Бул тууралуу Камбоджанын Улуттук коргоо министрлигинин маалыматына таянуу менен чет 0лдик басылмалар жазышты.

Пномпендеги пресс-конференцияда министрликтин өкүлү, генерал-лейтенант Мали Сочеат 5 аскер адамы жана 8 жай тургун курман болгондугун билдирген. Ал ошондой эле 21 жоокер жана кеминде 50 жай тургун ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышканын кошумчалаган.

Айта кетсек, бейшембиге караган түнү Таиланд менен Камбоджанын чек арасында кагылышуу башталган. Таиландда Камбоджа менен чек арадагы куралдуу кагылышууларда кеминде 14 тургун жана 1 аскер каза болгону кабарланган.

Жума күнү Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим Таиланд менен Камбоджанын бийликтери чек арадагы ок атышууну токтотууга макул болушканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан