Ирандын Захедан шаарындагы сот имаратына "Жайш аль-Адл" тобунун террористтери кол салышты. Бул тууралуу ирандык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматтарга караганда, кол салуудан 5 киши каза таап, 13 киши жарадар болгон. Согушчандардын куралдуу тобу имаратка кирип, бир нече жардыргыч заттарды жардырышып, күзөтчүлөр менен атышууга чейин барышкан. Согуш бир нече саатка созулганы айтылууда.
Террорчулар жок кылынды.
"Жайш аль-Адл" тобуна Ирандагы этникалык азчылык болгон белужилердин өкүлдөрү кирет. Белужилер Пакистан менен Ооганстанда да жашашат.