Чолпон-Ата шаарында милиция кызматкерлери үч жашы жете элек кыздарды сууга чөгүп кетүүдөн сактап калышты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 26-июлда "Көгүлтүр" эс алуу пляжында болгон. Анда милициянын кайгуул күзөт кызматынын өкүлдөрү жээктен болжол менен 10–15 метр алыстыкта жаш өспүрүм кыздардын сууга чөгүп жатканын байкап калышып, сууга киришип, аларды аман-эсен алып чыгышкан.
Териштирүүдө куткарылгандар Жалал-Абад облусунан келишкени аныкталган. Алардын ата-энелери милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдиришкен.
Учурда факт каттоого алынып, тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.