Самат Кыргыз жеңилүү ызасын тартты. Бул жолу да Эмиль Новрузовдон (видео)

Самат Абдурахманов (Самат Кыргыз) Москвада өткөн IBA Bare Knuckle лигасынын турниринде орусиялык мушкер Эмиль Новрузовго калыстардын чечими менен жеңилип калды.

Эске салсак, мушкерлер 2023-жылы Hardcore FC уюмунун титулу үчүн кез келишип, анда дагы Новрузов калыстардын чечими менен жеңишке жеткен. Ал беттеш Москвадагы "ЦСКА-Арена" спорт-комплексинде өткөн.

Беттештен кийин кыргыз мушкери атаандашын кайра реванш өткөрүүгө чакырган. Бирок атаандашы бокс менен алектенерин айтып, реванш кылуудан баш тарткан болчу.

27.07.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Omurzak
2025-07-28 04:17:00
Самат кыргыз Кыргызстан эли сени колдойт ар дайым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан