Биз социалдык тармакта

Пекинде катуу жааган жаандан улам миңдеген тургундар эвакуацияланды

Пекинде нөшөрлөп жааган жаандан улам суу каптап, эки адам каза болду. Миңдеген тургундар эвакуацияланды. Кытайдын бийлиги жер көчкү жана жаңы суу ташкындары болушу мүмкүн экенин эскертти.

Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, эң көп жабыркаган аймактарга Фупин уезди кирет. Ал эми Миюнь уездинде электр жарыгы өчүрүлүп, 3000ден ашуун киши эвакуацияланды. Ошондой эле Баодин шаарында 46 миң адам жабыркап, 4655 киши башка жакка көчүрүлдү.

Жамгырдын көлөмү аймакта жылдык орточо көрсөткүчтөн 2-3 эсе ашып кеткен. Адистер кийинки алты саатта дагы катуу жамгыр жаашы мүмкүн экенин айтып, башка аймактарда жаңы суу каптоолор болушу мүмкүн экенин эскертишүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан