Сууда сүзүү боюнча Сингапурда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда Кыргызстандын атынан катышып жаткан спортчу Денис Петрашов финалга өттү. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында маалымдалды.
27-июлда ал 100 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзүү боюнча жарышка түшүп, эртең мененки алдын ала этапта 59,53 секунд көрсөттү. Бул жыйынтык менен өз тайпасында 3-орунду ээлеп, жарым финалга 8-орун менен жолдомо алды.
Жарым финалда биринчи тайпада сүзүп, убакытты 59,20 секундга жакшырткан Петрашов 4-орунга жетип, жалпы эсепте 6-орун менен финалга чыкты.
Финалдык таймаш бүгүн, 28-июлда Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө өтөт.