
Өлкө аймагында соңку суткада 22 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 22 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда ӨКМден билдиришти.
Мекеме маалымдагандай, Бишкек шаарында 4, Ош шаарында 2, Ош облусунда 3, Чүй облусунда 7, Жалал-Абадда 4, Ысык-Көл аймагында 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргызстандыктарды өрт коопсуздугун сактоого чакырат.