Бүгүн, 28-июлда Грециянын борбору Афины шаарында кадеттер арасында спорттук күрөш боюнча U-17 (17 жашка чейинки балбандар) Дүйнө биринчилиги башталат. Бул тууралуу Ден тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Алгач грек-рим күрөшү боюнча балбандар килемге чыгышат. Аталган мелдеште Кыргызстандын намысын беш спортчу коргойт. Алар Жанарбек Сейитов (48 килограмм), Альхам Абдирасулов (55 килограмм), Адилет Өмүрбеков (65 килограмм), Нурислам Өскөнбаев (80 килограмм) жана Умар Орманов (110 килограмм).
Таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 13:30да башталат. Ал эми көңүл жубатуучу жана финалдык беттештер эртең болот.