Биз социалдык тармакта

Израилдин Газага жасаган түнкү соккуларынан 25 адам каза болду

Бүгүн, 28-июлга караган түнү Израилдин Газага жасаган аба соккуларынан кеминде 25 адам каза болуп, ондогон киши жарадар болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Сектордун түштүгүндөгү Хан-Юнис шаары эң күчтүү бомбалоолорго жана артиллериялык аткылоого дуушар болуп, Палестина жарым эксклавынын борбордук бөлүгүндөгү Дейр эль-Балахтагы турак жайларына жана Эль-Магази лагерине да сокку урулган. Курман болгондор Хан-Юнистеги талкаланган имараттардын урандылары астында калууда.

Газа секторунун Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Израилдин Газага 18-мартан берки кайрадан сокку уруусунун натыйжасында 8 600дөн ашуун адам набыт болуп, дээрлик 33 миңи жарадар болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан