Бүгүн, 28-июлда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Осмонов жана Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Ихлас” компаниясына таандык делген көп кабаттуу турак-жайдын курулушуна барып, нааразычылык билдирип жаткан тургундар менен жолукту. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Анда үй алган жарандардын сунуш, пикирлери угулду. Ага ылайык, шаар мэри үйдүн айланасын иретке келтирип, 20-августка чейин бүтүрүүнү тапшырды. Ал эми курулуштун башчысы ага чейин керектүү жумуштар аткарыла тургандыгын убадалап, толук кандуу иштер жыл аягына чейин бүтөрүн билдирди.