Перунун борбордук бөлүгүндөгү Хунин провинциясында болгон оор жол кырсыгынан кеминде 15 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Molina компаниясына таандык автобусту айдоочу башкара албай, унаа жардан кулап кеткен. Автобуста жалпы 66 адам болгон. Алар Лима шаарынан Ла Мерсед шаарына бет алган.
Кырсыктын кесепетинен 15 адам каза болуп, 27 адам түрдүү жаракаттар менен ооруканага жеткирилди. Учурда каза болгондордун өздүгү такталып, жаракат алгандарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Окуянын себептери азырынча аныктала элек. Полиция менен тиешелүү органдар тергөө иштерин жүргүзүп жатышат.