“Милан” башкы машыктыруучулук кызматты Кларенс Зеедорфго тапшырат

Голландиялык футболчу Кларенс Зеедорф жакын арада италиялык “Милан” футболдук клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалат. Бул тууралуу кечээ, 14-январда италиялык басылмалар кабарлашты.  

Маалыматка ылайык, 14-январда Рио-де-Жанейро шаарында 37 жаштагы футболчунун катышуусундагы отурум орун алып, анда Зеедорф карьерасын жыйынтыктаганын билдирди. Акыркы кездерде бразилиялык “Ботафого” клубунда ойноп келген голландиялыктын шашылыш чечим чыгарганы “Миланга” башкы машыктыруучулук кызматка чакырылганы менен байланыштуу.

Кабарлангандай, Зеедорф башкы машыктыруучу болсо, анын мурунку командалаштары Яп Стам, Патрик Клюйверт жана Эрнан Креспонун бири ага жардамчы болуп дайындалышы мүмкүн. 

Зеедорф “Миландын” курамында 2002-2012-жылдар аралыгында ойногон. Ага чейин ал голландиялык “Аякс”, италиялык “Сампдория”, “Интер” жана мадриддик “Реал” клубдарында ойногон.  

Эске салсак, “Милан” мурунку башкы машыктыруучусу Массимилиано Аллегрини 13-январда кызматынан бошотту. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан