Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Сингапурда өтүп жаткан дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынып, тарых жаратты.
Спортчу 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө 58,88 секунд натыйжа көрсөттү. Аны менен жалпы финалга 9 суучул чыкты.
Петрашов финалга чыккан алгачкы кыргызстандык болуп калды.
Ал дагы 50 жана 200 метрге брасс стилинде сүзүүгө катышат.