Таиланддын армиясы Камбоджаны ок атышпоо келишимин бузгандыгы үчүн айыптады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Таиланд армиясынын өкүлү Ритча Суксуванонуга басым жасап билдирүүдө.
"Ок атышпоо жарыялангандан кийин Пху-Макуа аймагында камбоджалык тарап себеп болгон бузуулар тууралуу маалымат келип түшкөн, бул эки тараптын ортосунда таңга чейин созулган атышууга алып келди. Мындан тышкары, Сэм Тет аймагында да атышуу орун алды",- деп билдирди France Presse агенттиги.
Кечээ, 28-июлда Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим Куала-Лумпурдагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Таиланд жана Камбоджа ок атышууну токтотуу боюнча макулдашканын, ал жергиликтүү убакыт боюнча түн жарымында күчүнө кирерин билдирди.