Кытайдын борбору Пекиндин 80 миңден ашуун тургуну нөшөрлөп жааган жамгырдан улам коопсуз жайларга көчүрүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"Бүгүнкү күнгө чейин Пекинде жалпысынан 80 332 адам көчүрүлдү",- деп белгиленген маалыматта.
Көчүрүлгөндөрдүн көпчүлүгү шаардын түндүк четинде жайгашкан Миюнь жана Хуайру, ошондой эле борбордун түштүк-батышында жайгашкан Фангшан райондорунан экени кошумчаланды.
Буга чейин катуу жааган жаан 30дай жарандын өмүрүн алгандыгы айтылды.