Биз социалдык тармакта

10 жаштагы баланы муунтуп өлтүрүүгө аракет кылган жаран кармалды

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында балдар аянтчасында баланын өмүрүнө кол салуу аракетин кылган жаран кармалды. Бул тууралуу ал өлкөнүн Ички иштер министрлигинин шаар жана облус боюнча башкы башкармалыгынан билдиришти.

Окуя Невский районундагы үйлөрдүн биринин жанындагы балдар аянтчасында болгон. Он жаштагы баланын апасынын айтымында, белгисиз бирөө уулуна кол салган. Алардын ортосунда уруш чыгып, киши баланын жанына келип, кекиртегинен муунткан.

Окуя болгон жерге тез арада милиция барды. Кол салган адам качып кетүүгө үлгүргөн, бирок көп өтпөй кармалды. Ал катуу мас абалындагы 49 жаштагы жергиликтүү тургун экендиги аныкталды.

Баланын абалы канааттандырарлык деп бааланууда, анын өмүрүнө коркунуч жок. Учурда тергөө жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан