Интернет желесинде Ооганстандын бийлигин колго алган "Талибан" кыймылынын гимни деген ыр саптар тарап, чоң талкуу жаратууда.
Анда "орустар үчүн көрүстөн", "үйүлгөн баш сөөктөрдү карачы, орустардан калган ушул" деген сөздөр бар.
Гимн кыймыл тарабынан 90-жылдардан бери колдонулуп келе жатканы айтылат. Бирок бул текст Орусия дүйнөдө биринчи болуп "Талибан" кыймылынын бийлигин тааныгандан кийин да өзгөргөн эмес.