Биз социалдык тармакта

Таласта алдамчылыкка шектелип мурдагы прокуратура кызматкери кармалды

Таласта алдамчылыкка шектелип мурдагы прокуратура кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда облус милициясынын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.

Маалымдалгандай, Айтматов РИИБине район тургуну арыз менен кайрылган. Ал 2024-жылдын апрель, май айларында Айтматов райондук прокуратурасында иштеген Р. аттуу кызматкер Кызыл-Адыр айылынан 5 жана 7 сотых жер тилкелерин кызмат адамдары менен сүйлөшүп, арзан баада алып берем деп ишеничине кирип, жалпы суммасы 1 миллион 026 миң сом акча каражатын алгандыгын билдирди. Андан соң, жер тилкесин алып бербей же акча каражатын кайтарбай качып жүргөндүгүн белгиледи.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Райондук милиция шектүү катары Ош шаарынын тургуну 1992-ж.т. С.Р. аттуу жаранды Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда изин жашырып жүргөн жеринен кармады.

Ал Айтматов райондук сотунун чечими менен убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан