Дагестандын тургуну жаңы төрөлгөн баласын сатууга аракет кылганы үчүн үч жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Орусиянын республика боюнча тергөө комитети билдирди.
Башкармалыктын маалыматы боюнча, 1-январда соттолуучу төрөт үйүнөн чыккандан кийин жаңы төрөлгөн ымыркайды Махачкаланын тургунуна 300 миң рублга сатып жиберген.
Ал Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренесинде каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды.