U-17: Альхам Абдирасулов Дүйнө биринчилигинин финалына чыкты

Кыргызстандык балбан Альхам Абдирасулов Грециянын Афины шаарында өтүп жаткан 17 жашка чейинки балбандар арасындагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө биринчилигинин финалына чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда Спорт жана дене тарбия мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Ал 55 килограмм салмак категориясында өлкө намысын коргоп жатат. Алтын байге үчүн болгон чечүүчү финалдык беттеште казакстандык балбан Нурали Аскар менен күрөшөт.

Эске салсак, Альхам Абдирасулов кечээ, 28-июлда индиялык Адитья Гуптаны 6:5 эсебинде жеңип, турнирдин финалына жолдомо алган.

Финалдык беттештер бүгүн, 29-июлда Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан