Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Жаңы-Жер айылындагы жер тилкеси мамлекеттик баланска кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, 2001-жылы Дара айыл башкармалыгынын (азыркы Төрт-Гүл) жана Баткен райондук администрациясынын токтомдорунун негизинде, аянты 4,95 гектар жер тилкеси "Жаңы-Жер" шарап жана консерва цехтери муниципалдык ишканасынын жетекчисине мыйзамсыз берилген. Андан кийин алар участокту андан ары сатуу максатында мыйзамдаштырууга бир нече жолу аракет кылышкан.
Бирок ага жетпей жер тилкеси мамлекеттик баланска кайтарылды.