УКМК төрагасынын жакын туугандарынын аты-жөнүн жамынып, алдамчылык жасап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, 25-июлда А.З. аттуу жаран Фейсбук социалдык тармагынан фамилиясынын окшоштугунан пайдаланып, өзүн УКМК төрагасынын улуу баласымын деп тааныштырып, системдүү түрдө алдамчылык аракеттерди жасап жаткан Т.А. аттуу жаранга чара көрүү өтүнүчү менен видео кайрылуу жарыялаган.
26-июлда кылмыш иши козголуп, Т.А. тергөө абагына камакка алынды.
УКМК ушул сыяктуу кылмыштарды аныктоо иштерин кызуу жүргүзүүдө.