Бишкектин Октябрь райондук администрациясынын башчысынын орун басары болуп Маратбек Турсунов дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэрия бүгүн, 29-июлда билдирди.
Жаңы жетекчини эмгек жамаатка калаа башчысынын орун басары Азамат Кадыров тааныштырды.
Жыйында Кадыров Турсуновго жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.