Биз социалдык тармакта

Октябрь райондук сотунун судьясына карата кылмыш иши козголду

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы К.Ж.С. катчысына карата сексуалдык асылуу фактысына шектелип жатат. Бул тууралуу УКМК бүгүн, 29-июлда кабарлады.

Тактап айтканда, жабырлануучу шектүүгө карата чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган.

"Ал моралдык-этикалык нормаларды бузуп, жабырлануучуга ушул жылдын май айынан тартып WhatsApp аркылуу интимдик мүнөздөгү билдирүүлөрдү жөнөтүп, ар кандай терс сунуштар менен аны сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлай баштаган.

Ушул жылдын 25-июлунда башкы прокурор аталган судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Судьялар кеңешине сунуштама жөнөткөн", - деп жазылат анда.

Ага ылайык, 25-июлда К.Ж.С.га Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренеси (Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) боюнча айып тагылып, ага эч жакка кетпөө тууралуу жазуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан