Кыргызстандык балбан Алхам Абдырасулов Грециянын Афины шаарында өтүп жаткан 17 жашка чейинки балбандар арасындагы грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль утту.
Белгилүү болгондой, ал мелдешке 55 килограмм салмак категориясында катышкан.
Алтын байге үчүн болгон чечүүчү финалдык беттеште казакстандык Нурали Аскар менен кез келип, 4:1 эсебинде жеңишти камсыздады.