Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов 30-31-июлда Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, сапардын алкагында эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун жетекчилеринин сүйлөшүүлөрү өтөт.
Анын жүрүшүндө кыргыз-өзбек эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле келечектеги биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттары талкууланат.