Биз социалдык тармакта

Ирандын жогорку лидери АКШнын дооматын жөн гана шылтоо деп атады

Ирандын өзөктүк программасы АКШ үчүн Тегеран менен тирешүүсүн улантууга жөн гана шылтоо. Бул тууралуу өлкөнүн жогорку лидери Али Хаменеи билдирди.

"Алар өзөктүк маселе, уранды байытуу, адам укуктары жана башка ушул сыяктуулар деп атагандары жөн гана шылтоо. Чынында, алар биздин ишенимибизге макул эмес",- деп анын сөзүн жазат Tasnim агенттиги.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Тегеран өзөктүк объекттерин калыбына келтирүү аракеттерин көрсө, Иранга жаңы сокку урууга даяр экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан