Самарканд облусунун Тайлак районунда 33 жаштагы өзбек ырчысы Зебойи Жахон (чын аты - Зебинисо Носирова) киши колдуу болду. Бул тууралуу 29-июлда Milly телеканалы маркумдун агасына шилтеме берип билдирди.
Алдын ала маалымттар боюнча, ырчы өз жолдошунун колунан ажал тапты.
Республиканын башкы прокурору Хает Шамсутдинов кылмышка шектүүнүн кармалганын жана кылмыш ишинин козголгонун ЖМКларга тастыктады.
Ырчынын артында үч баласы калды.