Өлкө аймагында бир суткада 30 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 32 күжүрмөн эсеп тартылган, ал эми куткаруу кызматтары 1 чакырууга барышты.
- Бишкек шаарында – 6;
- Ош шаарында – 1;
- Ош облусунда – 4;
- Чүй облусунда – 8;
- Жалал-Абад облусунда – 5;
- Ысык-Көл аймагында – 2;
- Нарын облусунда – 1;
- Таласта – 2;
- Баткен облусунда – 1 өрт кырсыгы катталды.