АКШ президенти Дональд Трамп Тынч океанда болгон ири жер титирөөдөн улам Гавайи аралдарынын жашоочуларына цунаминин күчүнө киргенин билдирди. Бул тууралуу ал Truth Social платформасында билдирүү жазды.
Трамп билдирүүсүндө, Аляска жана АКШнын Тынч океан жээгиндеги аймактары үчүн "Цунамини байкоо" абалы жарыяланганын, ошондой эле Япония да коркунучта экенин белгиледи.
"Гавайидеги жарандар цунами коркунучуна кабылууда. Эң акыркы маалыматтарды tsunami.gov сайтынан караңыздар. Күчтүү болуңуздар жана коопсуз калыңыздар",- деп жазды Трамп.