Биз социалдык тармакта

Дагестанда тартылган эшектин видеосу кылмышка алып барабы? (видео)

Интернет желесинде Дагестандагы зиплайнга эшекти түшүргөн видео тарап, талкуу чордонунда калды.

Анда бир кишинин тоолордогу эки станциянын ортосуна созулган жипке эшекти денесинен байлап, коё бергенин көрүүгө болот.

Видео көп убакыт мурун тартылганына карабастан, жакында эле коомчулукка жарыяланган. Кечээ, 29-июлда интернет колдонуучулары видеонун авторлорун жана жаныбардын ээсин жазалоону талап кылып, Дагестан полициясына кайрылышканы белгилүү болду.

"Алар муну уюштурган адамды Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (Жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылуу) боюнча жоопкерчиликке тартууну талап кылышууда",- деп билдирген Дагестандын Ички иштер министрлиги.

30.07.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан