Орусиянын Рубцовск шаарындагы Кировский паркында 60-70 жаштардагы аял айланма дөңгөлөктөн кулаган. Күбөлөрдүн бири "Российская газетага" билдиргендей, кырсыкка аялдын ден соолугунун капысынан начарлашы себеп болушу мүмкүн.
Алдын ала версия боюнча, каза болгон аялдын бийиктиктен башы айланган, ошондуктан ачык кабинада тең салмактуулугун жоготкон болушу мүмкүн.
Буга чейин Алтай аймагындагы Рубцовск шаарында аялдын айланма дөңгөлөктөн кулап каза болгону маалымдалган. Учурда окуя болгон жерде текшерүү иштери жүрүп жатканы маалымдалды.