Орусиянын Сахалин облусунун губернаторлугу жер титирөө жана цунами катталган Камчатка аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланганын маалымдады.
Сахалин облусунун расмий билдирүүсүнө ылайык, облустун губернатору Валерий Лимаренко өзгөчө кырдаалдар комиссиясы менен жыйын өткөрүп, анын тапшырмасы менен Камчаткадагы Северо-Курильск шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Калкы болжол менен 2400 адамды түзгөн Северо-Курильск шаарында цунамиден каза болгондор жок, тургундар коопсуз аймактарга эвакуацияланды.