Биз социалдык тармакта

Орусияда эки жашар кызын эшикке калтырып койгон энеге кылмыш иши козголду

Орусиянын Ленинград облусунда кызын кароосуз көчөгө таштап кеткен аялга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Окуя Кириши шаарында болгон. Анда кокустан өтүп бараткандар 2-3 жаштагы кыз коляскада жалгыз отурганын байкашкан. Жарандар полицияга кайрылышкан.

Кийинчерээк баланын апасы аталган айылдын 30 жаштагы тургуну экени аныкталган. Аял ошол күнү мас абалында болгон. Алкоголдук ичимдиктерди ичип алып, эки жашар кызын көчөгө таштап, үйүнө кетип калган.

«Ага баланы коркунучта калтырганы үчүн кылмыш иши козголду», — деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүүгө эч жакка чыкпоо тууралуу баш коргоо чарасы каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан