Египет, Катар, Сауд Арабиясы, Иордания жана дагы 13 мамлекет ХАМАСтын Газадагы башкаруусуна чек коюуну жана чыр-чатакты токтотуу боюнча так чараларды көрүүнү сунуштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
DPA агенттигинин маалыматына ылайык, бул чакырык 28-29-июлда Нью-Йоркто өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Палестина маселесин тынч жол менен чечүү жана эки мамлекет жөнүндөгү чечимин ишке ашыруу боюнча эл аралык конференциясынын жыйынтык декларациясында камтылган.
Жалпысынан жети барактык декларацияга Израил менен ХАМАСтын атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрүндө 17 мамлекет кол койгон. Конференцияга Израил менен АКШнын өкүлдөрү катышкан жок.
Декларацияда 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын Израилге кол салуусу кескин сындалып, ХАМАСка курал-жарагын Палестина администрациясына өткөрүп берүүгө чакырык жасалган. Ошондой эле документте Газанын тургундарына жана жарандык инфраструктурага Израилдин кол салуулары жана алардын ачарчылыкка кабылуусу айыпталган.
Бул документ Бириккен Улуттар Уюмунда сентябрь айына чейин расмий кабыл алынышы күтүлүүдө.