Нигериянын түндүк-чыгышындагы Адамава штатындагы Йола шаарында суу ташкынынан кеминде 25 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Табият кырсыгынан 25 адам көз жумуп, 5560 адам эвакуация болду. 11 жаран дайынсыз болууда", - деп жазды өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар кызматы.
Ал эми жаракат алгандардын так саны тууралуу маалымат айтылган жок. Суу каптаган аймактагы калк шаардык Aliyu Musdafa колледжинин аймагындагы атайын түзүлгөн лагерге көчүрүлдү. Алар негизги муктаждыктар менен камсыз кылынган.
Селдин кесепеттерин жоюуда куткаруу кызматтарына бейөкмөт уюмдар жардамга келишкени маалымдалды.