Биз социалдык тармакта

Бишкекте кыргыз-өзбек ТИМ башчылары жолугушту

Бүгүн, 30-июлда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстанга келген Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов менен жолугушту.

ТИМдин маалыматына ылайык, тараптар кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташууну талкуулашты. Ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдарда (БУУ, КМШ, ШКУ, ТМУ, ИКУ) кызматташуу боюнча пикир алышты.

ТИМ башчылары Кыргызстан менен Өзбекстандын Тышкы иштер министрликтеринин 2025-2026-жылдарга кабыл алынган кызматташуу программасын жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарын даярдоо боюнча биргелешкен иш-чаралардын планын бекитишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан