Амангелди Ысакбаев дүйнө биринчилигинде күмүш байгеге ээ болду

Грециянын Афины шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча дүйнө биринчилигинде (U-17) Амангелди Ысакбаев күмүш медаль алды.

Балбан 60 килограмм салмактык категорияда килемге чыкты. Ал алтын медаль үчүн беттеште азербайжандык Али Назаров менен күрөшүп, жеңилүү ызасын тартып калды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, ал кечээ украиналык балбан Денис Середин менен беттешип, таймаштын акыркы секунддарында төрт упайлык ыкма жасап, эсепти 5:1 кылып жеңишке жетип, дүйнө чемпиондугунун финалына чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан