Йемендин "Ансар Аллах" кыймылынын аба күчтөрү Израилдин үч аскерий бутасына сокку урду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"Аба күчтөрү үч аскердик операция жүргүзүп, Израилдин үч бутасына беш учкучсуз учуучу аппарат менен сокку урду",- деп айтылат маалыматта.
Бири Яффа аймагындагы бутага багытталган эки операция, экинчиси Израилдин түштүк-батышында жайгашкан Ашкелон шаарына, Негев чөлүндөгү үчүнчү операциянын алкагында дагы бир учкучсуз учак колдонулганы белгиленди.
Күн мурун алар Тель-Авивдеги Бен-Гурион аэропортуна "Палестина-2" ракетасы менен чабуул койгон.